Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
432-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун укуктарынын чектери
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 51-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Кассациялык инстанциядагы сот кассациялык даттануулардын же сунуштамалардын жүйөлөрү менен байланышта эмес жана материалдык жана процесстик укуктардын ченемдерин олуттуу бузуулар бөлүгүндө иш боюнча өндүрүштү текшерүүгө укуктуу. Төмөндөгүлөр материалдык укуктун ченемдеринин олуттуу бузулушу болуп саналат:
1) Жазык кодекстин Жалпы бөлүгүнүн жана Жоруктар жөнүндө кодекстин беренелерин туура эмес колдонуу;
2) Жазык кодекстин, Жоруктар жөнүндө кодекстин беренелеринде, анын бөлүгүндө же пунктунда кылмыштуу жосунду квалификациялоодо туура эмес колдонуу;
3) Жазык кодекстин, Жоруктар жөнүндө кодекстин тийиштүү беренелеринде, анын бөлүгүндө же пунктунда айыпталуучуга санкцияларда каралбаган жазанын түрлөрүн жана чараларын белгилөө.
Ушул Кодекстин 413-беренесинде каралган негиздер процесстик укуктун ченемдерин олуттуу бузуу болуп саналат.
2. Эгерде иш боюнча бир нече адам соттолсо, ал эми кассациялык даттануу же сунуш алардын бири тарабынан же болбосо алардын айрымдарына карата гана берилсе, анда кассациялык инстанциядагы сот бардык соттолгондорго карата ишти текшерүүгө укуктуу.
3. Кассациялык инстанциядагы сот прокурордун сунушу же жабырлануучунун даттануусу берилбеген айыпталуучунун, соттолуучунун, айыпталуучунун абалын начарлата албайт.
4. Иш боюнча бир нече адам соттолгон же акталган учурда сот аларга карата кассациялык даттануу же сунуш берилбесе, эгерде өкүмдү, аныктаманы же токтомду жокко чыгаруу алардын абалын начарлатса, ошол акталгандарга же соттолгондорго карата өкүмдү, аныктаманы же токтомду жокко чыгарууга укуктуу эмес.
5. Кассациялык инстанциядагы соттун көрсөтмөлөрү төмөн турган инстанциядагы сот тарабынан ушул ишти кайталап кароодо милдеттүү.
6. Соттук чечим жокко чыгарылган учурда кассациялык инстанциядагы соттун төмөнкүлөргө укугу жок:
1) өкүмдө белгиленбеген же кабыл алынбаган фактыларды белгилөөгө же далилденген деп эсептөөгө;
2) айыптоонун далилденгендиги же далилденбегендиги, тигил же бул далилдөөнүн тууралыгы же туура эместиги жана бир далилдин экинчисинин алдында артыкчылыгы жөнүндө маселелерди алдын ала чечүүгө;
3) биринчи инстанциядагы же апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан Жазык кодекстин, Жоруктар жөнүндө кодекстин тигил же бул ченемдерин колдонуу жөнүндө жана жаза чаралары жөнүндө чечимди кабып алуу;
4) ушул ишти кайталап кароодо биринчи инстанциядагы же апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан жасалышы мүмкүн болгон жыйынтыктарды алдын ала чечүүгө.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-432" title="432-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>