# 431-берене. Кассациялык инстанциядагы сотко кайрылуу укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 51-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-431>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-431.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 431-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-431

---

1. Мыйзамдуу күчүнө кирген апелляциялык инстанциядагы соттук чечимдери ушул главада каралган тартипте соттолуучу, акталган адам, алардын жактоочулары жана мыйзамдуу өкүлдөрү, жабырлануучу, жеке айыптоочу, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү жана өкүлдөрү, ошондой эле башка адамдар тарабынан алардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешеси бар даттанылуучу соттук чечимдер бөлүмүндө кассациялык инстанциядагы сотко даттанылышы мүмкүн.

2. Мыйзамдуу күчүнө кирген апелляциялык инстанциянын сот чечимин кайра кароо жөнүндө сунуш менен мамлекеттик айыптоочу же жогору турган прокурор кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [430-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-430)  
Кийинки берене: [432-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-432)
