# 430-берене. Сот актыларын кассациялык тартипте кайра кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 51-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-430>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-430.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 430-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-430

---

1. Жогорку сот кассациялык инстанциядагы сот болуп эсептелет жана ушул Кодексте белгиленген негиздерде жана тартипте соттук чечимдерде кайра карайт.

2. Кассациялык инстанциядагы сот апелляциялык инстанциядагы соттун өкүмүнүн, аныктамасынын мыйзамдуулугун кассациялык даттануу боюнча текшерет.

3. Апелляциялык тартипте даттанылбаган мыйзамдуу күчүнө кирген биринчи инстанциядагы соттун чечимдери, ошондой эле тергөө судьясынын токтомдоруна даттануу боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциянын сотунун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралбайт.

Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 17-февралындагы чечими

4. Кассациялык инстанциядагы соттун кароо предмети акыркы соттук чечимден кийин алынган аныктамалар болушу мүмкүн, эгерде мындай аныктамаларга даттануу ушул Кодексте каралса. Мындай аныктамалар кассациялык даттанууну же ушул иш боюнча кабыл алынган акыркы соттук чечимге сунушту кароо менен бир мезгилде, кассациялык тартипте кайра каралууга тийиш.

---

Мурунку берене: [429-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-429)  
Кийинки берене: [431-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-431)
