# 43-берене. Жабырлануучунун жана жекече айыптоочунун өкүлү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 43-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-43

---

1. Мыйзам күчүнө ылайык жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча жабырлануучунун жана жекече айыптоочунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын жактоого ыйгарым укуктуу адвокаттар жана башка адамдар жабырлануучунун жана жекече айыптоочунун өкүлү боло алышат.

2. Жашы жете элек же өзүнүн дене боюнун же психикасынын абалы боюнча өз укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргой албаган жабырлануучунун укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү ишке катышууга милдеттүү түрдө тартылат.

3. Жабырлануучунун жана жекече айыптоочунун өкүлдөрү жабырлануучу жана жекече айыптоочу сыяктуу эле процесстик укуктарга жана милдеттерге ээ.

4. Жабырлануучунун жана жекече айыптоочунун ишке жеке катышуусу аларды бул иш боюнча өзүнүн өкүлүнө ээ болуу укугунан ажыратпайт.

5. Анын жетекчиси, мыйзам же уставдык документтер менен ыйгарым укук берилген адам же ишеним каттын негизинде аракеттенүүчү адам жабырлануучу болуп саналган юридикалык жактын өкүлү боло алат.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-44)
