# 429-берене. Өкүмдү аткарууга байланышкан маселелерди чечүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 50-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 429-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-429

---

1. Өкүмдү аткарууга, жазаны өтөөдөн бошотуу менен медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонууга байланышкан маселелерди чечүү прокурордун катышуусу менен сот тарабынан жүргүзүлөт.

2. Жазаны аткарууга байланышкан маселелерди кароонун убактысы жөнүндө прокурорго жана соттолгон адамга маалымдалат. Камакта кармалып турган соттолгон адамды чакыруу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде маселе материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу бөлүгүндөгү өкүмдү аткарууга тиешелүү болсо, жарандык доогер да чакырылат, анын келбей коюшу ишти кароого тоскоолдук кылбайт.

3. Сот тарабынан жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселе каралганда, соттолуучу, түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлү чакырылат.

4. Иш сот тарабынан рецидивдин потенциалдуу тобокелдиктерин, криминогендик керектөөлөрдү, кайра социалдаштыруу перспективаларын чагылдырган пробация кардарынын инсандыгын социалдык изилдөө корутундусу менен, түзөтүү мекемесинин администрациясынын жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биргелешкен сунушу боюнча каралган учурда сот ушул органдарга сунушту кароонун убактысы жана орду жөнүндө маалымдайт.

5. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотууну жокко чыгаруу жөнүндө маселе, ошондой эле соттолгон адам үчүн мурда белгиленген пробациялык милдеттенмелерди толуктоо жөнүндө маселе сот тарабынан каралганда, сот соттолуучунун, анын өкүлүнүн, пробация органынын өкүлүнүн же аскер бөлүгүнүн командачылыгынын, прокурордун катышуусу менен сунушту карайт.

6. Өкүмдү аткаруу менен байланышкан маселени кароонун натыйжалары боюнча сот токтом чыгарат, ал сот отурумунун залында жарыяланууга тийиш. Токтомдун көчүрмөсү 3 күндүк мөөнөттө соттолгон адамга, өкүмдү аткаруу менен байланышкан маселе анын сунушу боюнча каралган органга, ошондой эле, эгерде маселе материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу бөлүгүндөгү өкүмдүн аткарылышына тиешелүү болсо жабырлануучуга да жиберилет.

7. Соттун токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык) ХII БӨЛҮМ. КАССАЦИЯЛЫК ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТОГУ ИШ ӨНДҮРҮШҮ

---

Мурунку берене: [428-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-428)  
Кийинки берене: [430-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-430)
