Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
429-берене. Өкүмдү аткарууга байланышкан маселелерди чечүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 50-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Өкүмдү аткарууга, жазаны өтөөдөн бошотуу менен медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонууга байланышкан маселелерди чечүү прокурордун катышуусу менен сот тарабынан жүргүзүлөт.
2. Жазаны аткарууга байланышкан маселелерди кароонун убактысы жөнүндө прокурорго жана соттолгон адамга маалымдалат. Камакта кармалып турган соттолгон адамды чакыруу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде маселе материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу бөлүгүндөгү өкүмдү аткарууга тиешелүү болсо, жарандык доогер да чакырылат, анын келбей коюшу ишти кароого тоскоолдук кылбайт.
3. Сот тарабынан жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселе каралганда, соттолуучу, түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлү чакырылат.
4. Иш сот тарабынан рецидивдин потенциалдуу тобокелдиктерин, криминогендик керектөөлөрдү, кайра социалдаштыруу перспективаларын чагылдырган пробация кардарынын инсандыгын социалдык изилдөө корутундусу менен, түзөтүү мекемесинин администрациясынын жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биргелешкен сунушу боюнча каралган учурда сот ушул органдарга сунушту кароонун убактысы жана орду жөнүндө маалымдайт.
5. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотууну жокко чыгаруу жөнүндө маселе, ошондой эле соттолгон адам үчүн мурда белгиленген пробациялык милдеттенмелерди толуктоо жөнүндө маселе сот тарабынан каралганда, сот соттолуучунун, анын өкүлүнүн, пробация органынын өкүлүнүн же аскер бөлүгүнүн командачылыгынын, прокурордун катышуусу менен сунушту карайт.
6. Өкүмдү аткаруу менен байланышкан маселени кароонун натыйжалары боюнча сот токтом чыгарат, ал сот отурумунун залында жарыяланууга тийиш. Токтомдун көчүрмөсү 3 күндүк мөөнөттө соттолгон адамга, өкүмдү аткаруу менен байланышкан маселе анын сунушу боюнча каралган органга, ошондой эле, эгерде маселе материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу бөлүгүндөгү өкүмдүн аткарылышына тиешелүү болсо жабырлануучуга да жиберилет.
7. Соттун токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык) ХII БӨЛҮМ. КАССАЦИЯЛЫК ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТОГУ ИШ ӨНДҮРҮШҮ
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мурда бошотуу жөнүндө маселе каралганда, соттолуучу, алынып салынды: жазаны аткаруу кошулду: түзөтүү мекемесинин администрациясынын алынып салынды: өкүлү, ошондой эле пробация органынын өкүлү чакырылат.
4. Иш сот тарабынан алынып салынды: жазаны аткаруу кошулду: рецидивдин потенциалдуу тобокелдиктерин, криминогендик керектөөлөрдү, кайра социалдаштыруу перспективаларын чагылдырган пробация кардарынын инсандыгын социалдык изилдөө корутундусу менен, түзөтүү мекемесинин администрациясынын жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым … Соттун токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
ХII БӨЛҮМ. КАССАЦИЯЛЫК ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТОГУ ИШ ӨНДҮРҮШҮ
51-глава.…
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-429" title="429-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>