# 427-берене. Пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 50-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-427>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-427.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 427-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-427

---

1. Эгерде пробациялык мөөнөттүн ичинде соттолгон адам өзүнө жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптарды жана пробациялык милдеттерди аткарса жана жаңы кылмыш жана (же) жорук жасабаса ал пробациялык көзөмөлдөн ийгиликтүү өткөн болуп эсептелет.

2. Пробациялык мөөнөттүн ичинде сот пробация органынын сунушу боюнча соттолгон адам үчүн мурда белгиленген пробациялык милдеттенмелерди толук же жарым-жартылай жокко чыгарат же болбосо толуктай алат.

3. Эгерде соттолгон адам жыл ичинде эки же андан көп жолу жүйөлүү себептерсиз өзүнө жүктөлгөн пробациялык милдеттенмелерди аткарууну бузса, анда сот пробация органынын же аскердик бөлүктөрдүн командачылыгынын сунушу боюнча пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу тууралуу сот отурумун дайындайт жана аны дайындалган жазаны өтөө үчүн жөнөтөт. Мындай учурда сот соттолуучунун келүүсүн камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү чараларды кабыл алууга тийиш.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [426-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-426)  
Кийинки берене: [428-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-428)
