# 426-берене. Жазаны өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 50-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-426>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-426.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 426-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-426

---

1. Жазык кодексинин 88-беренесинде каралган учурларда, жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу, соттолгон адам жазаны өтөгөн жер боюнча сот тарабынан соттолгон адамдын жеке арызы боюнча же болбосо жазаны аткаруу мекемесинин администрациясынын сунушу боюнча колдонулат. Тартиптик аскер бөлүгүндө жазаны өтөп жаткандарга карата мындай чаралар сот тарабынан соттолгон адамдын жеке арызы же болбосо тартиптик аскер бөлүгүнүн командачылыгынын сунушу боюнча колдонулат.

2. Жазык кодексинин 114-беренесинде каралган учурларда, 18 жашка чейинки курактагы кылмыш жасаган адамдарды жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу соттолгон адамдын мыйзамдуу өкүлү менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биргелешкен арызы боюнча же болбосо жазаны аткаруу мекемесинин администрациясы менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биргелешкен сунушу боюнча сот тарабынан колдонулат.

3. Жазаны өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуудан сот баш тарткан учурда, ушул маселе боюнча сунушту кайталап кароо баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып кеминде 3 ай өткөндөн кийин жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Жазаны өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулган учурда сот жазаны өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамга жазанын мөөнөтүнүн өтөлбөй калган бөлүгүнүн чегинде сыноо мөөнөтүн дайындайт, бирок ал 3 жылдан ашпашы керек жана пробация органы тарабынан жүргүзүлүүчү сыноо мөөнөтүнүн учуруна шарттуу - мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамга көзөмөл белгилөө жөнүндө токтом чыгарат.

5. Сот жазаны өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонуу менен сот соттолгон адамга Жазык кодексинин 84-беренесинде каралган анын оңолушуна өбөлгө түзүүчү пробациялык милдеттерди сактоону жүктөй алат.

6. Жазаны өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдын жүрүм-турумун көзөмөлдөө пробация органы, ал эми аскер кызматчыларына карата - аскердик бөлүктөрдүн командачылыгы тарабынан ишке ашырылат.

7. Эгерде сыноо мөөнөтүнүн ичинде соттолгон адам сыноо мөөнөтүнүн ичинде ага жүктөлгөн белгиленген пробациялык милдеттерди сактабаса, анда сот пробация органынын же аскердик бөлүктөрдүн командачылыгынын сунушунун негизинде соттолгон адамды ага дайындалган жазаны өтөө үчүн жиберүүгө токтом чыгарышы мүмкүн.

8. Соттолгон адам калган сыноо мөөнөтүнүн ичинде жаңы кылмыш жасаган учурда сот Жазык кодексинин 81-беренесинде каралган эрежелер боюнча өкүмдөрдүн жыйындысынын негизинде ага жаза дайындайт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [425-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-425)  
Кийинки берене: [427-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-427)
