426-берене. Жазаны өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 50-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Жазык кодексинин 88-беренесинде каралган учурларда, жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу, соттолгон адам жазаны өтөгөн жер боюнча сот тарабынан соттолгон адамдын жеке арызы боюнча же болбосо жазаны аткаруу мекемесинин администрациясынын сунушу боюнча колдонулат. Тартиптик аскер бөлүгүндө жазаны өтөп жаткандарга карата мындай чаралар сот тарабынан соттолгон адамдын жеке арызы же болбосо тартиптик аскер бөлүгүнүн командачылыгынын сунушу боюнча колдонулат.
2. Жазык кодексинин 114-беренесинде каралган учурларда, 18 жашка чейинки курактагы кылмыш жасаган адамдарды жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу соттолгон адамдын мыйзамдуу өкүлү менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биргелешкен арызы боюнча же болбосо жазаны аткаруу мекемесинин администрациясы менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биргелешкен сунушу боюнча сот тарабынан колдонулат.
3. Жазаны өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуудан сот баш тарткан учурда, ушул маселе боюнча сунушту кайталап кароо баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып кеминде 3 ай өткөндөн кийин жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Жазаны өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулган учурда сот жазаны өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамга жазанын мөөнөтүнүн өтөлбөй калган бөлүгүнүн чегинде сыноо мөөнөтүн дайындайт, бирок ал 3 жылдан ашпашы керек жана пробация органы тарабынан жүргүзүлүүчү сыноо мөөнөтүнүн учуруна шарттуу - мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамга көзөмөл белгилөө жөнүндө токтом чыгарат.
5. Сот жазаны өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонуу менен сот соттолгон адамга Жазык кодексинин 84-беренесинде каралган анын оңолушуна өбөлгө түзүүчү пробациялык милдеттерди сактоону жүктөй алат.
6. Жазаны өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдын жүрүм-турумун көзөмөлдөө пробация органы, ал эми аскер кызматчыларына карата - аскердик бөлүктөрдүн командачылыгы тарабынан ишке ашырылат.
7. Эгерде сыноо мөөнөтүнүн ичинде соттолгон адам сыноо мөөнөтүнүн ичинде ага жүктөлгөн белгиленген пробациялык милдеттерди сактабаса, анда сот пробация органынын же аскердик бөлүктөрдүн командачылыгынын сунушунун негизинде соттолгон адамды ага дайындалган жазаны өтөө үчүн жиберүүгө токтом чыгарышы мүмкүн.
8. Соттолгон адам калган сыноо мөөнөтүнүн ичинде жаңы кылмыш жасаган учурда сот Жазык кодексинин 81-беренесинде каралган эрежелер боюнча өкүмдөрдүн жыйындысынын негизинде ага жаза дайындайт.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
426-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мурда бошотулган адамга көзөмөл белгилөө жөнүндө токтом чыгарат.
5. алынып салынды: Жазаны кошулду: Сот жазаны өтөөдөн шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонуу менен сот соттолгон адамга Жазык кодексинин 84-беренесинде каралган анын оңолушуна өбөлгө түзүүчү кошулду: пробациялык милдеттерди сактоону жүктөй алат.
6. Жазаны өтөөдөн … соттолгон адам сыноо мөөнөтүнүн ичинде ага жүктөлгөн белгиленген кошулду: пробациялык милдеттерди сактабаса, анда сот пробация органынын же аскердик … боюнча өкүмдөрдүн жыйындысынын негизинде ага жаза дайындайт.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-426" title="426-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>