# 425-берене. Өкүмдү аткарууга алуу менен байланышкан маселелерди чечүүчү соттор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 50-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-425>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-425.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 425-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-425

---

1. Ушул Кодекстин 423-беренесине ылайык өкүмдүн аткарылышынын мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жөнүндө, айыптоо өкүмүнүн эскирүү мөөнөтүнүн өтүшүнө байланыштуу жазаны өтөөдөн бошотуу жөнүндө маселелер, ошондой эле өкүмдү аткарууда пайда болгон бардык күмөн саноолор жана так эместиктер өкүм чыгарган сот тарабынан чечилет.

2. Эгерде өкүмдү аткаруу өкүм чыгарган сот иштеген райондон сырткары жерде жүргүзүлсө, ал маселелер өкүм аткарылып жаткан райондогу сот тарабынан чечилет. Бул учурда өкүм аткарылган жердеги соттун токтомунун көчүрмөсү өкүм чыгарган сотко жиберилет.

3. Айыкпас катуу ооруга чалдыккандыгына, мунапыс актысын колдонулгандыгына байланыштуу жазаны өтөөдөн бошотуу, жазаны аткаруу менен коштолгон медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну кыскартуу жөнүндөгү маселелер, өкүм кайсы сот тарабынан чыгарылгандыгына карабастан, соттолгон адамдын жазаны өтөгөн орду боюнча сот тарабынан чечилет.

4. Пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу, жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотууну жокко чыгаруу жөнүндө маселелер соттолгон адамдын жашаган жери боюнча сот тарабынан чечилет.

5. Өкүмдү аткарууга байланыштуу маселелерди чечүү прокурордун катышуусу менен сот отурумунда жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [424-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-424)  
Кийинки берене: [426-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-426)
