# 424-берене. Айыкпас катуу оорусуна байланыштуу жазаны өтөөдөн бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 50-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-424>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-424.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 424-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-424

---

1. Соттолгон адам жазаны өтөө убагында жазаны өтөөгө жолтоо кылуучу психиканын бузулушунан же башка катуу айыкпас ооруга чалдыкса, сот жазаны аткарууну жана жазык-укуктук таасир берүүнүн башка чаралары колдонуусун жүргүзүүчү органдын жана (же) мекеменин сунушу боюнча мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде соттолгон адамды жазаны андан ары өтөөдөн бошотууга укуктуу.

2. Психиканын бузулушу менен ооруган соттолгон адамды жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу менен бир эле убакта сот ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонот.

3. Психиканын бузулушу менен ооруган адамдарды копшогондо, жазаны өтөөгө тоскоолдук кылуучу айыкпас катуу ооруга чалдыккан адамдарды жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу жөнүндө маселени чечүүдө судья жасалган кылмыштын оордугун, соттолгон адамдын инсандыгын жана башка жагдайларды эске алат.

4. Соттолгон адамдын ооруусу боюнча жазаны андан ары өтөөдөн бошотууда сот аны жазанын негизги түрүнөн гана бошотууга укугу бар.

---

Мурунку берене: [423-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-423)  
Кийинки берене: [425-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-425)
