# 423-берене. Өкүмдүн аткарылышынын мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 50-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-423>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-423.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 423-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-423

---

1. Адамды коомдук иштерге тартууга, түзөтүү жумуштарына же эркинен ажыратууга соттоо жөнүндө өкүмдү аткаруу мөөнөтү төмөндөгү негиздердин бири болгондо, кийинкиге жылдырылышы мүмкүн:

1) соттолгон адамдын жаза өтөөсүнө тоскоолдук кылган катуу оорусу болгондо - ал айыкканга чейин;

2) соттолгон аял кош бойлуу же соттолгон аялдын жаш балдары болгондо, бирден-бир ата-эне болуп эсептелген соттолуучуда жаш балдары болгондо - өзгөчө оор кылмышы үчүн эркинен ажыратууга соттолгондорду кошпогондо, кенже баласы 14 жашка чыкканга чейин;

2. Өкүмдү аткарууну кийинкиге калтыруу жөнүндөгү маселе соттолуучунун, анын мыйзамдуу өкүлүнүн, жакын туугандарынын, жубайынын, коргоочусунун өтүнүчү боюнча өкүмдү чыгарган сот тарабынан чечилет.

---

Мурунку берене: [422-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-422)  
Кийинки берене: [424-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-424)
