# 421-берене. Соттун өкүмүн, токтомун, аныктамасын аткарууга алуу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 49-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-421>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-421.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 421-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-421

---

1. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү, токтому, аныктамасы аткаруу бийлигинин бардык органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында сөзсүз аткарылышы керек.

2. Өкүмдү, токтомду, аныктаманы аткарууга алуу ишти биринчи инстанцияда караган сотко жүктөлөт. Өкүмдү аткаруу жөнүндө буйрук сот тарабынан өкүмдүн көчүрмөсү менен бирге жазык-аткаруу мыйзамдарына ылайык өкүмдү аткаруу милдети жүктөлгөн органга жөнөтүлөт. Мүлктү өндүрүп алуу бөлүгүндөгү өкүмдү аткаруу үчүн өкүмдүн көчүрмөсү менен бирге сот аткаруучусуна аткаруу баракчасы жөнөтүлөт.

3. Өкүмдү аткаруучу органдар, анын аткарылгандыгы жөнүндө өкүмдү чыгарган биринчи инстанциядагы сотко дароо маалымдайт. Өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясы соттолгон адам жазасын өтөп жаткан жер жөнүндө өкүм чыгарган сотко маалымдоого тийиш.

---

Мурунку берене: [420-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-420)  
Кийинки берене: [422-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-422)
