421-берене. Соттун өкүмүн, токтомун, аныктамасын аткарууга алуу тартиби
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 49-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү, токтому, аныктамасы аткаруу бийлигинин бардык органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында сөзсүз аткарылышы керек.
2. Өкүмдү, токтомду, аныктаманы аткарууга алуу ишти биринчи инстанцияда караган сотко жүктөлөт. Өкүмдү аткаруу жөнүндө буйрук сот тарабынан өкүмдүн көчүрмөсү менен бирге жазык-аткаруу мыйзамдарына ылайык өкүмдү аткаруу милдети жүктөлгөн органга жөнөтүлөт. Мүлктү өндүрүп алуу бөлүгүндөгү өкүмдү аткаруу үчүн өкүмдүн көчүрмөсү менен бирге сот аткаруучусуна аткаруу баракчасы жөнөтүлөт.
3. Өкүмдү аткаруучу органдар, анын аткарылгандыгы жөнүндө өкүмдү чыгарган биринчи инстанциядагы сотко дароо маалымдайт. Өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясы соттолгон адам жазасын өтөп жаткан жер жөнүндө өкүм чыгарган сотко маалымдоого тийиш.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
421-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-421" title="421-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>