# 418-берене. Биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кирүүсү жана аны аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 49-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-418>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-418.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 418-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-418

---

1. Биринчи инстанциядагы соттун өкүмү апелляциялык даттанууга мөөнөтү бүткөндөн кийин, эгерде ал даттанылбаса, мыйзамдуу күчүнө кирет жана аткарылуу үчүн жиберилүүгө тийиш.

2. Апелляциялык даттануу же сунуш келтирилген учурда өкүм апелляциялык инстанциянын өкүмү чыгарылган күнү мыйзамдуу күчүнө кирет.

3. Эгерде бир нече соттолгондор болсо, өкүмгө бир же бир нече соттолгон адамдар боюнча даттанылса, ал өкүмгө даттануу бербеген соттолгон адамдарга карата апелляциялык даттануунун мөөнөтү бүткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Өкүм биринчи инстанциядагы сот тарабынан ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып 3 суткадан кечиктирилбестен аткарылат.

5. Өкүмдүн аткарылышын көзөмөлдөө өкүм чыгарган сот тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [417-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-417)  
Кийинки берене: [419-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-419)
