418-берене. Биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кирүүсү жана аны аткаруу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 49-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Биринчи инстанциядагы соттун өкүмү апелляциялык даттанууга мөөнөтү бүткөндөн кийин, эгерде ал даттанылбаса, мыйзамдуу күчүнө кирет жана аткарылуу үчүн жиберилүүгө тийиш.
2. Апелляциялык даттануу же сунуш келтирилген учурда өкүм апелляциялык инстанциянын өкүмү чыгарылган күнү мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Эгерде бир нече соттолгондор болсо, өкүмгө бир же бир нече соттолгон адамдар боюнча даттанылса, ал өкүмгө даттануу бербеген соттолгон адамдарга карата апелляциялык даттануунун мөөнөтү бүткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Өкүм биринчи инстанциядагы сот тарабынан ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып 3 суткадан кечиктирилбестен аткарылат.
5. Өкүмдүн аткарылышын көзөмөлдөө өкүм чыгарган сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
418-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-418" title="418-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>