# 414-берене. Өкүм боюнча дайындалган жазанын жасалган кылмыштын жана (же) жоруктун оордугуна ылайык келбеши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-414>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-414.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 414-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-414

---

1. Өкүм боюнча дайындалган жазанын жасалган кылмыштын жана (же) жоруктун оордугуна жана соттолгондун инсандыгына ылайык келбейт деп таануу менен апелляциялык инстанциядагы сот Жазык кодекстин жана (же) Жоруктар жөнүндө кодекстин беренелеринин санкцияларынын чектеринде жазаны жеңилдетүүгө укуктуу.

2. Апелляциялык инстанциядагы сот, эгерде ушул негиздер боюнча айыптоочу тарабынан сунуштама берилсе же жабырлануучу, жеке айыптоочу же алардын өкүлдөрү даттанса, соттолгон адамга кыйла катуу жаза дайындоого укуктуу.

3. Соттолгондун абалын начарлатуучу чечим кабыл алууга айыптоочу тарабынын даттанууларында же прокурордун сунушунда тиешелүү далилдер болгондо жана алардын чектеринде гана жол берилет. Соттолгондун абалын начарлаткан чечим айыпкерге коюлган жана айыптоочу тарабынан биринчи инстанциядагы сотто колдоого алынган айыптоонун чектеринен чыкпашы керек.

---

Мурунку берене: [413-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-413)  
Кийинки берене: [415-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-415)
