# 413-берене. Жазык-процесстик мыйзамды олуттуу бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-413>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-413.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 413-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-413

---

1. Ишке катышкан адамдарды мыйзам тарабынан кепилдикке алынган укуктарынан ажыратуу же кысым көрсөтүү, сот өндүрүшүнүн жол-жобосун сактабоо аркылуу же башка жол менен иштин жагдайларын ар тараптуу жана объективдүү иликтөөгө тоскоол кылуу, мыйзамдуу жана негиздүү өкүмүнүн токтомун чыгаруусуна таасир тийгизүүсү же таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгү жазык-процесстик мыйзамды олуттуу бузуу деп табылат.

2. Өкүмдү жокко чыгаруунун негиздери төмөнкүлөр болуп эсептелет:

1) ушул Кодекстин 26-беренесинде каралган негиздер болгондо, сот тарабынан иштин кыскартылбаганы;

2) соттун мыйзамсыз курамы тарабынан чыккан өкүмдүн токтому же сот арачыларынын жамаатынын мыйзамсыз курамы тарабынан чыгарылган өкүм-чечим;

3) ушул Кодекстин 286-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, соттолуучу жокто ишти кароо;

4) ушул Кодекске ылайык милдеттүү түрдө катыша турган жактоочуну катыштырбай туруп ишти кароо же айыпталуучунун укугун ар кандай бузуу менен жактоочунун жардамын пайдалануу;

5) айыпталуучу өзү билген тилди жана котормочунун жардамын пайдалануу укугун бузуу;

6) тараптардын жарыш сөздөрүнө айыпталуучунун катышуусуна укук бербегендик;

7) айыпталуучуга акыркы сөз бербегендиги;

8) өкүм чыгарууда жашыруун сырды бузуу;

9) сот тарабынан туура эмес деп табылган далилдерди өкүмгө негиздеме кылуу;

10) өкүмдө судьянын койгон колунун жоктугу;

11) сот отурумунун протоколунун жоктугу.

---

Мурунку берене: [412-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-412)  
Кийинки берене: [414-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-414)
