# 412-берене. Жазык кодекстин жана (же) Жоруктар жөнүндө кодекстин ченемдерин туура эмес колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-412>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-412.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 412-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-412

---

1. Колдонулууга тийиш болгон мыйзамдын сот тарабынан колдонулбашы; колдонулбай турган мыйзамдын колдонулушу; мыйзамды анын так маанисине карама-каршы келген түрдө туура эмес чечмелөө Жазык кодекстин жана (же) Жоруктар жөнүндө кодекстин ченемдерин туура эмес колдонуу деп табылат.

2. Жасалган ишке берилген юридикалык бааны туура эмес деп табуу менен апелляциялык инстанциядагы сот соттолуучунун аракеттерин жумшартуу тарабына кайра квалификациялоого укуктуу.

3. Апелляциялык инстанциядагы сот төмөнкүдөй учурда гана, эгерде ушул негиздер боюнча айыптоочу, жабырлануучу, жеке айыптоочу же алардын өкүлдөрү тарабынан сунуш берилсе, бирок ал коюлган айыптын чектеринде болсо, соттолуучунун аракеттерин жеңилдетүүгө карата кайра квалификациялоого же кыйла оор жазаны белгилөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [411-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-411)  
Кийинки берене: [413-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-413)
