412-берене. Жазык кодекстин жана (же) Жоруктар жөнүндө кодекстин ченемдерин туура эмес колдонуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 48-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Колдонулууга тийиш болгон мыйзамдын сот тарабынан колдонулбашы; колдонулбай турган мыйзамдын колдонулушу; мыйзамды анын так маанисине карама-каршы келген түрдө туура эмес чечмелөө Жазык кодекстин жана (же) Жоруктар жөнүндө кодекстин ченемдерин туура эмес колдонуу деп табылат.
2. Жасалган ишке берилген юридикалык бааны туура эмес деп табуу менен апелляциялык инстанциядагы сот соттолуучунун аракеттерин жумшартуу тарабына кайра квалификациялоого укуктуу.
3. Апелляциялык инстанциядагы сот төмөнкүдөй учурда гана, эгерде ушул негиздер боюнча айыптоочу, жабырлануучу, жеке айыптоочу же алардын өкүлдөрү тарабынан сунуш берилсе, бирок ал коюлган айыптын чектеринде болсо, соттолуучунун аракеттерин жеңилдетүүгө карата кайра квалификациялоого же кыйла оор жазаны белгилөөгө укуктуу.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
412-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-412" title="412-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>