# 411-берене. Өкүмдө баяндалган сот тыянагынын иштин чыныгы жагдайына дал келбөөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-411>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-411.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 411-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-411

---

1. Төмөнкү учурларда биринчи инстанциядагы сот тарабынан аныкталган өкүм иштин чыныгы жагдайларына дал келбейт деп таанылат, эгерде:

1) соттун тыянагы сот отурумунда иликтенген далилдер менен ырасталбаса;

2) соттун тыянагына олуттуу таасир эте турган жагдайларды сот эске албаса;

3) соттун тыянагы үчүн олуттуу мааниге ээ болгон карама-каршы далилдер болсо, ушул далилдердин бирин сот кандай негизде кабыл алгандыгы же башкаларын четке каккандыгы өкүмдө көрсөтүлбөсө;

4) өкүмдө жазылган соттун тыянактары олуттуу карама-каршылыктарды камтыса, ал ишти чечүүгө, анын ичинен соттолуучунун же акталуучунун күнөөлүү же күнөөлүү эместиги, Жазык кодексинин жана (же) Жоруктар жөнүндө кодекстин ченемдери же жазалоонун белгилүү чаралары туура колдонулгандыгы жөнүндөгү маселелерди сот тарабынан чечүүдө таасирин тийгизе турган болсо.

2. Биринчи инстанциядагы соттун өкүмүндө баяндалган иштин фактылай жагдайлары жөнүндө тыянактар иликтенген далилдерге ылайык келбей тургандыгын белгилөө менен апелляциялык инстанциядагы сот өкүмдү толугу менен же анын бир бөлүгүн жокко чыгарат жана өткөрүлгөн териштирүүнүн натыйжаларына ылайык жаңы өкүм чыгарат.

3. Апелляциялык инстанциянын соту өзү иликтеген далилдерге баа берүү менен биринчи инстанциядагы соттун өкүмү боюнча белгиленбеген же сот тарабынан эске алынбаган фактыларды далилденди деп табууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [410-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-410)  
Кийинки берене: [412-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-412)
