41-берене. Жабырлануучу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Кылмыш же болбосо жорук менен дене-боюна, моралдык зыян жана (же) материалдык залал келтирилген жеке же юридикалык жак жабырлануучу болуп саналат.
2. Жеке же юридикалык жакта жабырлануучунун укуктары жана милдеттери ага карата кылмыш же жорук жасалганы жөнүндө арыз же аны жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз берилген учурдан тартып келип чыгат.
Эгерде кылмыштын же жоруктун натыйжасында жеке адам өлүмгө учураса же адам арыз берүүгө жараксыз абалга тушукса, аны жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз берген жакын туугандарынын ичинен бир адам, жубайы жабырлануучу катары таанылат, ал эми бир нече арыз болгондо - бир нече адам жабырлануучу катары таанылышы мүмкүн. Арыз бере албай турган абалда турган адам өзүнүн укугунан пайдалана алат жана ал аны жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз бере алат. Эгерде адам өзүнө карата кылмыш же жорук жасалганы жөнүндө арыз бербесе же өзүн жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз бербесе, анда алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана ал адамды жабырлануучу деп таануусу мүмкүн. Андай макулдук жок болсо, адам, зарыл болгон учурда, күбө катары тартылат.
3. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот кылмыш же жорук жасалганы жөнүндө арызды же адамды жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арызды алган учурдан тартып адамды жабырлануучу деп таанууга милдеттүү.
Кылмыш же жорук жасалганы жөнүндө арыз же адамды жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз материалдык залал жана (же) моралдык зыян келтирилбеген адам тарабынан берилген деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгондо, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот жабырлануучу деп таануудан баш тартуу тууралуу токтом чыгарат, ал прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн.
4. Жабырлануучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шектенүүнүн, айыптоонун маңызы жөнүндө кабардар болууга;
2) өз эне тилинде же өзү билген тилде көрсөтмө берүүгө;
3) далилдерди келтирүүгө;
4) өтүнүч жана четтетүү билдирүүгө;
5) котормочунун кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга;
6) өз өкүлүнө ээ болууга;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга;
8) медициналык мекемеде күбөлөндүрүүдөн өтүүгө;
9) анын өтүнүчү же болбосо анын өкүлүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү тергөө амалдарына катышууга;
10) анын катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын протоколдору менен таанышууга, алардын көчүрмөлөрүн алууга жана аларга карата сын-пикирин билдирүүгө;
11) сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин иштин бардык материалдары менен таанышууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга;
12) жабырлануучу деп таануу жөнүндө, жазыктык куугунтуктоону кыскартуу жөнүндө токтомдордун көчүрмөлөрүн, ошондой эле соттук чечимдердин көчүрмөлөрүн алууга;
13) сотко катышууга;
14) соттук жарыш сөздөрдө чыгып сүйлөөгө, айыптоону колдоого;
15) сот отурумунун протоколу менен таанышууга жана ага карата сын-пикирлерин билдирүүгө;
16) алгачкы текшерүү органынын, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун жана соттун аракеттерине жана чечимдерине даттанууга;
17) соттун чечимдерине даттанууга;
18) иш боюнча берилген даттануулар, сунуштамалар жөнүндө кабардар болууга жана аларга каршы пикир билдирүүгө;
19) даттануулар менен сунуштамаларды сотто кароого катышууга;
20) мыйзамда белгиленген учурларда, кылмыш менен келтирилген залалдын ордуна мамлекеттин эсебинен компенсация алууга;
21) буюм далили катары же башка негиздер боюнча жазык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө андан алынып коюлган, кылмыш жасаган адамдан алынган мүлкүн, өзүнө таандык расмий документтердин түп нускасын кайтарып алууга;
22) кылмыш жана (же) жорук менен келтирилген мүлктүк залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун шектүүдөн, айыпталуучудан, соттолгондон толтурууга;
23) Жазык кодексинде каралган учурларда юридикалык жактарга карата жазыктык-укуктук таасир этүү чараларын колдонууну талап кылууга;
24) мыйзамда каралган учурларда, шектүү, айыпталуучу менен, анын ичинде медиация тартибинде элдешүүгө.
5. Жабырлануучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун чакыруусу боюнча келүүгө;
2) көрсөтмө берүүгө, иш боюнча өзүнө белгилүү болгон бардык маалыматтарды туура айтып берүүгө;
3) өзүндөгү буюмдарды, документтерди, ошондой эле үлгүлөрдү салыштырып изилдөө үчүн берүүгө;
4) алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун талабы боюнча күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тартылууга;
5) эгерде ал бул тууралуу ушул Кодекстин 160-беренесинде белгиленген тартипте алдын ала эскертилген болсо, иш боюнча өзүнө белгилүү жагдайлар туурасында маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;
6) процесстик иш-аракеттерди жүргүзүүдө жана сот отуруму убагында ушул Кодексте белгиленген тартипти сактоого;
7) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү же сот тарабынан жөнөтүлгөндө, медиатор менен маалыматтык жолугушууга барууга.
6. Жабырлануучу чакыртууга жүйөлүү себептерсиз келбей койгон учурда, ал мажбурлоо жолу менен келтирилет.
7. Көрсөтмө берүүдөн баш тартканы же качканы жана алдын ала билип туруп жалган көрсөтмө бергени үчүн жабырлануучу Жазык кодексинин 345, 346-беренелери боюнча жоопкерчилик тартат.
8. Жабырлануучу өзүнө же өзүнүн туугандарына, жубайына каршы көрсөтмө берүүгө милдеттүү эмес.
9. Ишке жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн жана өкүлүнүн катышуусу, аны ушул беренеде каралган укуктардан ажыратпайт.
10. Жабырлануучуга шектүүнүн, айыпталуучунун жана соттолгондун эсебинен материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу мүмкүн болбогон учурда, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте, адистештирилген фонддун эсебинен жүргүзүлөт.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
41-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу алынып салынды: мыйзамда кошулду: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте, адистештирилген фонддун эсебинен жүргүзүлөт.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-41" title="41-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>