# 409-берене. Апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан кабыл алынуучу чечимдердин түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-409>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-409.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 409-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-409

---

1. Апелляциялык инстанциядагы сот ишти кароонун натыйжалары боюнча төмөндөгү чечимдердин бирин токтом кылат:

1) биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтыруу, ал эми апелляциялык даттанууну же сунуштаманы канааттандырбоо жөнүндө өкүм;

2) биринчи инстанциядагы соттун айыптоо өкүмүн жокко чыгаруу жөнүндө аныктама жана актоо өкүмүн чыгаруу же ишти кыскартуу жөнүндө аныктама;

3) биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн өзгөртүү жөнүндө өкүм;

4) биринчи инстанциядагы соттун актоо өкүмүн жокко чыгаруу жөнүндө аныктама жана айыптоо өкүмүнүн токтомун чыгаруу;

5) ушул Кодекстин 405-407-беренелерин жетекчиликке алып, жазык ишин кыскартуу жөнүндөгү токтомду жокко чыгаруу жөнүндө аныктама кабыл алып жана ишти апелляциялык инстанцияда кароо жөнүндө аныктама;

6) биринчи инстанциядагы соттун токтомун же тергөө судьясынын токтомун өзгөртүүсүз калтырып, ал эми апелляциялык даттанууларды же сунуштамаларды канааттандырбоо жөнүндө аныктама;

7) биринчи инстанциядагы соттун токтомун же тергөө судьясынын токтомун жокко чыгаруу жөнүндө аныктаманы жана жаңы аныктаманы чыгаруу.

2. Апелляциялык инстанция ишти кароонун натыйжалары боюнча жеке даттануулар жана жеке сунуштамалар боюнча аныктама чыгарат.

---

Мурунку берене: [408-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-408)  
Кийинки берене: [410-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-410)
