# 407-берене. Апелляциялык инстанциянын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-407>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-407.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 407-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-407

---

1. Апелляциялык даттануу же сунуштама менен келип түшкөн ишти кароодо өкүмдүн мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн же башка соттук чечимдерди текшерүү максатында сот тараптардын өтүнүчү же өзүнүн демилгеси боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:

1) соттолгондун, жабырлануучунун жана ишке катышкан башка адамдардын ден соолугунун абалына, үй-бүлөлүк абалына байланышкан документтерди жана тараптардын өтүнүчү боюнча башка документтерди да суратып алууга;

2) экспертиза дайындоого;

3) кошумча күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди сот отурумуна чакырууга жана суракка алууга, тараптар берген же алардын суранычы боюнча сот тарабынан суратып алынган жазуу жүзүндөгү, буюм түрүндөгү жана башка далилдерди иликтөөгө;

4) биринчи инстанциядагы сот тарабынан иликтенген материалдарды жол бергис далилдер деп таанууга жана аларды далилдердин арасынан алып салууга;

5) биринчи инстанциядагы сот тарабынан далилдердин ичинен алынып салынган материалдарды таанууга жана аларды иликтөөгө;

6) материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтурууга тийиштүү шарттарды иликтөөгө;

7) иш боюнча зарыл болгон башка иш-аракеттерди аткарууга.

2. Процесстик макулдашууну түзгөн учурда апелляциялык инстанциянын соту анын корутундусунун жагдайларын текшерет.

---

Мурунку берене: [406-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-406)  
Кийинки берене: [408-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-408)
