# 406-берене. Тараптардын жарыш сөзгө чыгышы. Соттолуучунун акыркы сөзү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-406>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-406.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 406-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-406

---

1. Далилдерди иликтөө аяктагандан кийин төрагалык кылуучу тараптардан соттук териштирүүнү толуктоо үчүн аларда болгон өтүнмөлөрдү сурайт. Сот бул өтүнмөлөрдү чечет, андан сон тараптардын жарыш сөзүнө өтөт.

2. Тараптардын жарыш сөзү ушул Кодекстин 330-беренесинин эрежелери боюнча жүргүзүлөт, мында даттануу же сунуш берген адам биринчи болуп сүйлөйт.

3. Тараптардын жарыш сөзү аяктагандан кийин, төрагалык кылуучу айыпталуучуга акыркы сөз берет, андан соң сот чечим кабыл алуу үчүн өзүнчө бөлмөгө кетет.

4. Эгерде кеңешме учурунда сот иш үчүн мааниге ээ болгон же жаңы далилдерди кошумча текшере турган жаңы жагдайларды зарыл деп тапса, ал ишти маңызы боюнча кароону кайра жаңыртат, бул тууралуу соттун отурумунун протоколуна жүйөлөштүрүлгөн аныктамалар киргизилет.

---

Мурунку берене: [405-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-405)  
Кийинки берене: [407-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-407)
