# 405-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттук териштирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-405>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-405.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 405-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-405

---

1. Төрагалык кылуучу сот отурумун ачат жана кайсы апелляциялык даттануу жана (же) сунуштама боюнча кандай иш карала тургандыгын жарыялайт, процесстин катышуучуларына алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

2. Соттук териштирүү баяндамачы-судьянын жасаган өкүмдүн мазмунун же башка сот чечимин, ошондой эле берилген апелляциялык даттануулардын, сунуштамалардын маңызын кыскача баяндоодон башталат.

3. Баяндамачы-судьянын баяндамасынан кийин, сот тараптардын даттанууда, сунуштамасы келтирилген өз тыянактарын негиздеген сөздөрүн угат, ошондой эле башка тараптардын аларга каршы пикирлерин угат. Бир тарап апелляциялык соттун отурумуна келбеген учурда, ал тараптан берилген даттануу, сунуштама, апелляциялык инстанциядагы сотко берилген жазуу жүзүндөгү каршы пикирлер угузулат.

4. Сот тараптардын сөздөрүн уккандан кийин далилдерди текшерүүгө өтөт. Биринчи инстанциядагы сотто суракка алынган күбөлөр, эгерде аларды чакырууну сот зарыл деп тапса, алар апелляциялык инстанциядагы сотто суракка алынат.

5. Тараптар жаңы күбөлөрдү суракка алуу жөнүндө, буюм далилдерин жана документтерди ишке кошуу, соттук экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнмө берүүгө укуктуу. Билдирилген өтүнмөлөрдү чечүү ушул Кодекстин 312-беренесинин эрежелери боюнча жүргүзүлөт, мында апелляциялык инстанциядагы сот өтүнүч биринчи инстанциядагы сот тарабынан канааттандырылбаган деген негиз менен өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууга укуксуз.

6. Чечим кабыл алууда апелляциялык инстанция өзүнүн чечимин негиздөө үчүн соттун апелляциялык отурумуна чакырылбаган, бирок биринчи инстанциядагы сотто суракка алынган адамдардын соттогу айтылган көрсөтмөлөрүнө шилтеме жасоого укуктуу.

7. Тараптардын макулдугу менен апелляциялык инстанциядагы сот биринчи инстанциядагы сот тарабынан иликтенген далилдерди текшербей туруп, апелляциялык даттанууну, сунуштаманы кароого укуктуу.

---

Мурунку берене: [404-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-404)  
Кийинки берене: [406-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-406)
