# 404-берене. Апелляциялык инстанциядагы өндүрүштүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-404>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-404.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 404-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-404

---

1. Ушул главада каралган жоболорду кошпогондо, апелляциялык инстанциядагы соттогу иш боюнча өндүрүш биринчи инстанциядагы сот ишин жүргүзүү эрежелери боюнча жүргүзүлөт.

2. Сот отурумунда төмөнкүлөрдүн катышуусу милдеттүү болот:

1) прокурордун;

2) акталган, соттолгон же ага карата жазык иши кыскартылган адамдардын - эгерде ошол адамдар сот отурумуна өздөрүнүн катышуусу тууралуу өтүнүчү болгондо же сот ошол адамдарды сот отурумуна катышуусун зарыл деп тапкан учурларда;

3) жеке айыптоочунун же анын мыйзамдуу өкүлү же болбосо өкүлү - эгерде алар тарабынан апелляциялык даттануу берилсе;

4) жактоочунун - ушул Кодекстин 52-беренесинде көрсөтүлгөн учурда;

3. Айыпталуучу жок учурда апелляциялык тартипте ишти кароого ушул Кодекстин 286-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда жол берилет.

4. Сот отурумуна милдеттүү түрдө катышуучу адамдарды кошпогондо, апелляциялык инстанциянын сотунун отурумунун орду, датасы жана убактысы жөнүндө өз убагында кабар алган адамдын келбей калуусу ишти кароого тоскоолдук жаратпайт.

5. Апелляциялык даттануу берген жеке айыптоочу, анын мыйзамдуу өкүлү же өкүлү себепсиз сотко келбей калган учурларда апелляциялык инстанциянын соту анын даттануусу боюнча апелляциялык өндүрүштү кыскартат.

---

Мурунку берене: [403-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-403)  
Кийинки берене: [405-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-405)
