# 402-берене. Апелляциялык даттануулар жана сунуштамалар боюнча соттун курамы жана иштерди кароонун мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-402>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-402.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 402-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-402

---

1. Даттануулар жана сунуштамалар боюнча иштер үч судьянын соттук курамы тарабынан каралат.

2. Апелляциялык инстанциянын соту даттануу же сунуштамалар боюнча ишти ал келип түшкөн күндөн баштап эки айдан кеч эмес, ал эми тергөө судьясынын токтому боюнча 10 суткадан кеч эмес мөөнөттө кароого тийиш.

3. Эгерде сот жаңы материалдарды жана далилдерди иликтөө жана жаңы өкүмдү чыгаруу зарылчылыгынын негиздерин караса, иш апелляциялык тартипте, ал келип түшкөн күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен каралууга тийиш.

4. Аталган мөөнөт белгилүү себептер менен өндүрүш өзүндө турган апелляциялык соттун аныктамасы боюнча бир айга узартылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [401-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-401)  
Кийинки берене: [403-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-403)
