# 4-берене. Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата ушул Кодекстин колдонулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 4-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-4

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жактарга карата жазык сот өндүрүшү, эгерде Кыргыз Республикасынын өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, ушул Кодекстин ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.

2. Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык кол тийбестикти колдонгон адамдарга карата ушул Кодексте каралган процесстик иш-аракеттер кызматында кол тийбестикти колдонгон адам же мурда болгон чет мамлекеттин же ал кызматкери болуп саналган же болгон эл аралык уюмдун макулдугу менен жүргүзүлөт. Тиешелүү адамдын кол тийбестикти колдонору же колдонбостугу жана мындай кол тийбестиктин көлөмү канчалык экендиги жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-5)
