# 399-берене. Өкүмгө, токтомго апелляциялык даттануу жана сунуштама

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-399>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-399.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 399-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-399

---

1. Апелляциялык даттануу же сунуштама төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) даттануу же сунуштама даректелген апелляциялык инстанциянын сотунун аталышын;

2) даттануу же сунуштама берген адам жөнүндө анын процесстик абалы, жашаган жери же турган жери көрсөтүлгөн маалыматтарды;

3) өкүмгө же башка сот чечимине көрсөтмө берүүнү жана аны токтом кылган же чыгарган соттун аталышын;

4) даттануу же сунуштама берген адамдын жүйөлөрү жана анын талаптарын негиздөөчү далилдер;

5) эгерде даттанууга же сунуштамага тиркелген материалдар бар болсо, алардын тизмесин;

6) даттануу же сунуштама берген адамдын кол тамгасын.

2. Эгерде берилген даттануу, сунуштама ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган талаптарга туура келбесе, даттануу же сунуштама даттануу үчүн мөөнөттөн ашпаган мөөнөттө аларды кайра түзүү мөөнөтүн белгилеген сот тарабынан кайтарылат. Эгерде белгиленген мөөнөттүн ичинде апелляциялык даттануу, сунуштама сотко берилбесе, алар берилген эмес деп эсептелет. Бул учурда иш боюнча апелляциялык өндүрүш кыскартылат. Өкүм ушул Кодекстин 418-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык мыйзамдуу күчүнө кирди деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [398-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-398)  
Кийинки берене: [400-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-400)
