# 398-берене. Даттануу же сунуштама берүүнүн кесепеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-398>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-398.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 398-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-398

---

1. Даттануу же сунуштама берүү өкүмдүн күчүнө киришин жана аткарылышын токтотуп турат.

2. Өкүм же башка даттаныла турган чечимди чыгарган сот ишти аларга карата келип түшкөн даттануулар, сунуштамалар жана аларга каршылыктары менен тийиштүү сотко апелляциялык тартипте кароо үчүн жөнөтөт, бул тууралу тараптарга маалымдалат.

3. Даттануу же сунуштама берген адам апелляциялык инстанциянын сотунун сот отуруму башталганга чейин аларды кайра чакыртып алышы мүмкүн. Бул учурда даттануу же сунуштама боюнча апелляциялык өндүрүш кыскартылат.

4. Прокурордун сунуштамасы жогору турган прокурор тарабынан кайра алынышы мүмкүн. Жактоочу даттанууну соттолуучунун макулдугу менен тергөө судьясынын токтомуна даттанууну шектелүүчүнүн, айыпталуучунун макулдугу менен кайра алууга укуктуу. Соттолуучу, шектелүүчү, айыпталуучу өзүнүн коргоочусу, мыйзамдуу өкүлү тарабынан берилген даттанууну чакыртып алууга укуктуу.

5. Өкүмгө даттанган адам өзүнүн даттануусун же сунуштамасын өзгөртүүгө же жаңы жүйөлөрдү кошумчалоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [397-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-397)  
Кийинки берене: [399-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-399)
