398-берене. Даттануу же сунуштама берүүнүн кесепеттери
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 46-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Даттануу же сунуштама берүү өкүмдүн күчүнө киришин жана аткарылышын токтотуп турат.
2. Өкүм же башка даттаныла турган чечимди чыгарган сот ишти аларга карата келип түшкөн даттануулар, сунуштамалар жана аларга каршылыктары менен тийиштүү сотко апелляциялык тартипте кароо үчүн жөнөтөт, бул тууралу тараптарга маалымдалат.
3. Даттануу же сунуштама берген адам апелляциялык инстанциянын сотунун сот отуруму башталганга чейин аларды кайра чакыртып алышы мүмкүн. Бул учурда даттануу же сунуштама боюнча апелляциялык өндүрүш кыскартылат.
4. Прокурордун сунуштамасы жогору турган прокурор тарабынан кайра алынышы мүмкүн. Жактоочу даттанууну соттолуучунун макулдугу менен тергөө судьясынын токтомуна даттанууну шектелүүчүнүн, айыпталуучунун макулдугу менен кайра алууга укуктуу. Соттолуучу, шектелүүчү, айыпталуучу өзүнүн коргоочусу, мыйзамдуу өкүлү тарабынан берилген даттанууну чакыртып алууга укуктуу.
5. Өкүмгө даттанган адам өзүнүн даттануусун же сунуштамасын өзгөртүүгө же жаңы жүйөлөрдү кошумчалоого укуктуу.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
398-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-398" title="398-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>