# 396-берене. Даттануу же сунуштама берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-396>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-396.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 396-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-396

---

1. Даттануу же сунуштама берүүнүн мөөнөтү жүйөлүү себептен улам өткөрүлүп жиберилген учурда даттануу же сунуштама берүүгө укуктуу адамдар өкүм, ошондой эле башка сот чечимин, тергөө судьясынын токтомун чыгарган сотко өткөрүлүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч билдире алышат. Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнмө сот отурумунда ишти соттук териштирүүдө токтом чыгарган судья тарабынан каралат, ал түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн өтүнүч менен кайрылган адамды чакыртууга укуктуу.

2. Өкүмгө апелляциялык даттанууну же сунуштама берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө сот тарабынан чечим чыгарылган күндөн тартып үч айдан кеч эмес мөөнөттө берилиши керек, башка соттук чечимдер, тергөө судьясынын токтому чечим чыгарылган күндөн баштап бир айдан кеч эмес берилиши керек.

3. Сот төмөндөгүдөй шарттарда апелляциялык даттанууларды берүүнүн өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүүгө милдеттүү:

1) сот отурумунун протоколу өз учурунда даярдалбаганда;

2) соттук актынын көчүрмөсүн сот өндүрүшүнүн тилин билбеген иштин катышуучусуна котормосуз тапшырганда;

3) соттук актынын корутунду бөлүгүндө даттануунун мөөнөтү так эмес көрсөтүлгөндө.

4. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндөгү судьянын токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [395-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-395)  
Кийинки берене: [397-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-397)
