# 394-берене. Биринчи инстанциядагы соттун токтомуна даттануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-394>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-394.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 394-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-394

---

1. Биринчи инстанциядагы соттун токтомуна ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөн башка учурларда, ушул Кодекстин 390-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар тарабынан даттануу же сунуштама жасалышы мүмкүн.

2. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн соттук чечимдерди кошпогондо, далилдерди изилдөө тартиби жөнүндө, соттук териштирүүлөрдүн катышуучуларынын өтүнүчтөрүн канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө, сот отуруму залында тартипти камсыздоо чаралары жөнүндө токтомдорго жана соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө чыгарылган башка сот чечимдерине даттануу менен катар, иш боюнча жыйынтыктоочу сот чечимине апелляциялык тартипте даттанылат.

3. Соттун жыйынтык чечими чыкканга чейин жекече күнөөлөө иш боюнча райондук соттун арыз ээсине арызды кайтарып берүү жөнүндө токтомун; бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө; анын күчүндө болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө; сот экспертизасын жүргүзүү үчүн адамды медициналык же психиатриялык стационарга жайгаштыруу жөнүндө; ишти токтотуу жөнүндө; кайсы сот тарабынан карала тургандыгы жөнүндө ишти тапшыруу же иштин кайсы сот тарабынан карала тургандыгын өзгөртүү жөнүндө, ишти прокурорго кайтаруу тууралуу сот токтомдорун апелляциялык даттанууга болот.

4. Даттануу жана сунуштама даттанылып жаткан чечим чыгарылган күндөн тартып 10 сутканын ичинде апелляциялык сотко берилет жана ушул Кодекстин 405-беренесинде каралган эрежелер боюнча каралат. Кароонун натыйжалары боюнча даттанууну же сунуштаманы канааттандырбай калтыруу жөнүндө же даттанылып жаткан чечимди жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө аныктама чыгарылат.

5. Өкүмдүн токтому менен бүткөн соттук териштирүү учурунда чыгарылган токтомго даттануу, сунуштама киргизүүдө иш өкүмгө даттануу мөөнөтү өткөндөн кийин гана апелляциялык инстанцияга жиберилет.

---

Мурунку берене: [393-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-393)  
Кийинки берене: [395-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-395)
