# 390-берене. Апелляциялык даттануу укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-390>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-390.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 390-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-390

---

1. Ушул главанын талаптарына ылайык биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек өкүмдөрү, ошондой эле башка соттук актылары тараптар тарабынан апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

2. Сот чечимине даттануу укугу соттолгонго, акталганга, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө сот иши жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан адамга, алардын жактоочуларына жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө, мамлекеттик айыптоочуга же жогору турган прокурорго, жабырлануучуга жана анын өкүлүнө таандык болот.

3. Тергөө судьясынын токтому апелляциялык тартипте даттанууга жатат. Тергөө судьясынын токтомуна даттануу укугу шектенүүчүгө, айыпталуучуга, алардын коргоочуларына, жабырлануучуга, анын өкүлүнө, ошондой эле прокурорго таандык.

---

Мурунку берене: [389-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-389)  
Кийинки берене: [391-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-391)
