# 389-берене. Сот арачыларынын коллегиясынын вердиктине негизделген соттун өкүмүн жокко чыгарууга же өзгөртүүгө негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-389>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-389.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 389-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-389

---

1. Ушул Кодекстин 413-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган ченемдерди одоно бузуулар гана сот арачыларынын коллегиясынын вердиктине негизделген актоочу өкүмдү жокко чыгаруу же өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелет.

2. Айыптоочу өкүм ушул Кодекстин X бөлүмүндө белгиленген негиздер боюнча жана тартипте жокко чыгарылышы жана өзгөртүлүшү мүмкүн.

3. Сот арачыларынын вердиктинин негизинде чыгарылган жана ага карама-каршы келген соттун өкүмү жазык ишин ошол эле сотко жаңыдан карап чыгууга өткөрүп берүү менен жокко чыгарылууга жатат. Бул учурда жазык ишин жаңыдан кароо сот арачылары кийинки вердикти кабыл алган учурдан тартып башталат.

4. Сот арачыларынын коллегиясынын вердиктинин негизинде чыгарылган өкүм, эгер алар жокко чыгарууга каршы турса, соттолуучунун же акталуучунун укуктары олуттуу бузулган жүйө боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн эмес.

Х БӨЛҮМ. АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТОГУ ИШ ӨНДҮРҮШҮ

---

Мурунку берене: [388-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-388)  
Кийинки берене: [390-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-390)
