# 388-берене. Сот отурумунун протоколун жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-388>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-388.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 388-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-388

---

1. Сот отурумунун протоколу ушул Кодекстин 298-беренесинин талаптарына ылайык, ушул беренеде каралган өзгөчөлүктөр менен жүргүзүлөт.

2. Протоколдо сот отурумуна чакырылган сот арачылыгына талапкерлердин курамы жана сот арачыларынын коллегиясын түзүүнүн жүрүшү милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

3. Төрагалык кылуучунун багыттоочу сөзү сот отурумунун протоколунда жазылат же анын тексти жазык ишинин материалдарына кошулат, бул тууралу протоколдо көрсөтүлөт.

4. Сот отурумунун протоколу сот процессинин жүрүшүнүн баарын анын жүргүзүлүшүнүн тууралыгына ынангандай чагылдырышы керек.

Сот арачыларынын катышуусу менен соттук териштирүүнүн жүрүшүндө процесстин катышуучуларына жана башка адамдарга сот отурумунун залында видеого жана сүрөткө тартууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [387-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-387)  
Кийинки берене: [389-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-389)
