# 387-берене. Айыпталуучунун акыл-эси соо эместиги аныкталгандыгына байланыштуу жазык ишин кароону кыскартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 387-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-387

---

1. Эгерде сот арачыларынын катышуусу менен сот ишин териштирүү процессинде айыпталуучу өзүнүн психикалык абалына байланыштуу жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес же соттук-психиатрдык экспертизанын тийиштүү корутундусу менен ырасталгандыктан, жазаны белгилөө же аткаруу мүмкүнчүлүгүн бербеген жин оорусу менен ооруп калган деп эсептөөгө негиз берген кырдаалдар болсо, анда судья жазык ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароону кыскартуу жана аны ушул Кодекстин 55-главасында каралган тартипте сотто кароо үчүн жөнөтүү жөнүндө токтом чыгарат.

2. Төрагалык кылуучунун жазык ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароону кыскартуу жөнүндө токтому акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [386-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-386)  
Кийинки берене: [388-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-388)
