387-берене. Айыпталуучунун акыл-эси соо эместиги аныкталгандыгына байланыштуу жазык ишин кароону кыскартуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 45-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Эгерде сот арачыларынын катышуусу менен сот ишин териштирүү процессинде айыпталуучу өзүнүн психикалык абалына байланыштуу жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес же соттук-психиатрдык экспертизанын тийиштүү корутундусу менен ырасталгандыктан, жазаны белгилөө же аткаруу мүмкүнчүлүгүн бербеген жин оорусу менен ооруп калган деп эсептөөгө негиз берген кырдаалдар болсо, анда судья жазык ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароону кыскартуу жана аны ушул Кодекстин 55-главасында каралган тартипте сотто кароо үчүн жөнөтүү жөнүндө токтом чыгарат.
2. Төрагалык кылуучунун жазык ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароону кыскартуу жөнүндө токтому акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
387-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-387" title="387-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>