# 386-берене. Өкүм чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-386>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-386.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 386-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-386

---

Өкүм ушул Кодекстин 341-348-беренелеринин талаптарына ылайык төмөнкүдөй өзгөчөлүктөр менен чыгарылат:

1) өкүмдүн кириш бөлүгүндө сот арачыларынын фамилиялары көрсөтүлбөйт;

2) актоочу өкүмдүн баяндоочу-жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө айыптоонун маңызы жана ал боюнча кабыл алынган актоочу вердиктке же эгерде баш тартуу болсо, мамлекеттик айыптоочунун айыптоодон баш тартуусуна шилтеме берилет. Далилдерди келтирүү сот арачыларынын коллегиясы кабыл алган вердикттен келип чыкпаган бөлүгүндө гана талап кылынат;

3) актоочу өкүмдүн баяндоочу-жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө сот арачыларынын коллегиясынын катышуусу менен сот тааныган кылмыштуу жоруктун баяндамасы, кылынган жосундун квалификациясы, белгиленген жазанын жүйөлөрү жана соттун жарандык доого же кылмыш менен келтирилген материалдык залалдын ордун толтурууга карата чечиминин негиздемеси болушу керек;

4) өкүмдүн корутунду бөлүгүндө өкүмдү ушул Кодексте белгиленген тартипте кассациялык жана көзөмөл инстанциясына даттануунун тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө түшүндүрмө болушу керек.

---

Мурунку берене: [385-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-385)  
Кийинки берене: [387-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-387)
