# 384-берене. Вердикттин милдеттүүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 384-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-384

---

1. Сот арачыларынын коллегиясынын вердикти төрагалык кылуучу үчүн милдеттүү жана ал актоочу же айыптоочу өкүмдүн токтомунун чыгарылышына алып келет.

2. Сот арачылары айыптоочу вердикт кабыл алган учурда төрагалык кылуучу айыпталуучунун жосунун ушул вердиктке, ошондой эле вердиктти кабыл алууда сот арачылары тарабынан каралууга жатпаган жана юридикалык баа берүүнү талап кылуучу соттук тергөөнүн жүрүшүндө белгиленген жагдайларга ылайык квалификациялайт.

3. Эгерде сот арачыларынын коллегиясы айыпталуучу жазасын жеңилдетүүгө татыктуу деп тапса, анда төрагалык кылуучунун Жазык кодексинин тийиштүү беренеси менен белгиленген жазанын жогорку чектеги өлчөмүнүн үчтөн экисинен жогору жаза дайындоого укугу жок.

4. Эгерде төрагалык кылуучу күнөөсүзгө карата айыптоочу вердикт чыгарылганын жана айыпталуучу вердикт менен күнөөлүү деп табылган жосунда кылмыштын курамы жоктугун жана актоочу өкүм чыгарууга жетиштүү негиздер бар экенин тааныса, анда ал сот арачыларынын коллегиясын таркатуу жана алдын ала угуу баскычынан тартып жазык ишин соттун башка курамында жаңыдан кароого жөнөтүү жөнүндө токтом чыгарат. Бул токтом даттанууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [383-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-383)  
Кийинки берене: [385-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-385)
