384-берене. Вердикттин милдеттүүлүгү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 45-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Сот арачыларынын коллегиясынын вердикти төрагалык кылуучу үчүн милдеттүү жана ал актоочу же айыптоочу өкүмдүн токтомунун чыгарылышына алып келет.
2. Сот арачылары айыптоочу вердикт кабыл алган учурда төрагалык кылуучу айыпталуучунун жосунун ушул вердиктке, ошондой эле вердиктти кабыл алууда сот арачылары тарабынан каралууга жатпаган жана юридикалык баа берүүнү талап кылуучу соттук тергөөнүн жүрүшүндө белгиленген жагдайларга ылайык квалификациялайт.
3. Эгерде сот арачыларынын коллегиясы айыпталуучу жазасын жеңилдетүүгө татыктуу деп тапса, анда төрагалык кылуучунун Жазык кодексинин тийиштүү беренеси менен белгиленген жазанын жогорку чектеги өлчөмүнүн үчтөн экисинен жогору жаза дайындоого укугу жок.
4. Эгерде төрагалык кылуучу күнөөсүзгө карата айыптоочу вердикт чыгарылганын жана айыпталуучу вердикт менен күнөөлүү деп табылган жосунда кылмыштын курамы жоктугун жана актоочу өкүм чыгарууга жетиштүү негиздер бар экенин тааныса, анда ал сот арачыларынын коллегиясын таркатуу жана алдын ала угуу баскычынан тартып жазык ишин соттун башка курамында жаңыдан кароого жөнөтүү жөнүндө токтом чыгарат. Бул токтом даттанууга жатпайт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
384-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-384" title="384-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>