# 383-берене. Вердикттин кийинки натыйжаларын талкуулоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-383>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-383.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 383-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-383

---

1. Вердикттин кийинки натьйжаларын талкуулоо тараптардын катышуусу менен улантылат.

2. Сот арачылары актоочу вердикт чыгарган учурда жарандык доону чечүүгө, сот чыгымдарын бөлүштүрүүгө, буюмдук далилдерге байланышкан суроолор гана изилденет жана талкууланат.

Сот арачыларынын актоочу вердикти, ал кандай гана негизде чыгарылбасын, жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде жабырлануучуга өз укугун коргоого тоскоол болбойт.

3. Айыптоочу вердикт чыгарылган учурда айыпталуучу жасаган жосунду квалификациялоого, ага жаза чектөөгө байланышкан жагдайлар жана башка суроолор изилденет.

4. Көрсөтүлгөн жагдайларды изилдөө аяктагандан кийин тараптардын жарыш сөзү жүргүзүлөт, анын убагында жактоочу жана айыпталуучу акыркы болуп сүйлөйт.

5. Тараптар өз сөздөрүндө сот тарабынан айыптоочу өкүм чыгарылганда чечилүүгө жаткан укуктун бардык маселелерине токтоло алышат. Мында тараптарга сот арачылары тарабынан чыгарылган вердикттин тууралыгынан шек саноого тыюу салынат.

6. Тараптардын жарыш сөзү аяктагандан кийин айыпталуучуга акыркы сөз берилет, андан кийин төрагалык кылуучу жазык иши боюнча чечим чыгаруу үчүн чыгат.

---

Мурунку берене: [382-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-382)  
Кийинки берене: [384-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-384)
