# 382-берене. Төрагалык кылуучунун вердикт жарыя кылынгандан кийинки иш-аракеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-382>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-382.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 382-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-382

---

1. Сот арачыларынын коллегиясы айыпталуучунун күнөөсү жок экендиги жөнүндө вердикт кабыл алганда, төрагалык кылуучу аны акталды деп жарыялайт. Мында кайтарууга алынган айыпталуучу сот отурумунун залынан токтоосуз бошотулат.

2. Вердикт жарыялангандан кийин төрагалык кылуучу сот арачыларына ыраазычылык билдирет жана алардын соттук териштирүүгө катышуусу аяктагандыгын жарыялайт.

3. Вердикттин натыйжалары сот арачыларынын катышуусуз талкууланат. Сот арачылары жазык ишин кароо аяктаганга чейин сот отурумунун залындагы көпчүлүк эл үчүн бөлүнүп коюлган орундарда калууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [381-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-381)  
Кийинки берене: [383-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-383)
