# 381-берене. Вердиктти жарыялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-381>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-381.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 381-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-381

---

1. Коюлган суроолорго жооптор киргизилген суроо баракчасына улук тарабынан кол коюлгандан кийин, сот арачылары сот отурумунун залына кайтып келишет.

2. Сот арачыларынын улугу төрагалык кылуучуга жооптор киргизилген суроо баракчасын берет. Сунуш-пикирлер болбосо, төрагалык кылуучу жарыялоо үчүн сот баракчасын сот арачыларынын улугуна кайтарып берет.

3. Төрагалык кылуучу вердиктти түшүнүксүз же карама-каршылыктуу деп тапса, сот арачыларынын коллегиясына анын түшүнүксүздүгүн же карама-каршылыктарын көрсөтөт жана аларга суроо баракчасына тактоолорду киргизүү же карама-каршылыктарды жоюу үчүн кенешүүчү бөлмөгө кайтып барууну сунуш кылат.

4. Төрагалык кылуучунун суроо баракчасына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы боюнча кыскача багыттоочу сөзүн угуп, сот арачыларынын коллегиясы биринчи кабыл алынган вердиктти кайра кароо же күчүндө калтыруу зарылдыгы жөнүндө көпчүлүктүн добушу менен чечим чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кайтып келет.

5. Сот арачыларынын улугу суроо баракчасы боюнча аларга сот арачылары тарабынан коюлган суроолорду жана аларга сот арачыларынын жоопторун окуу менен вердиктти жарыя кылат.

6. Вердиктти сот залындагылардын бардыгы орундарынан туруп угушат.

7. Жарыяланган вердикт жазык ишинин материалдарына кошуу үчүн төрагалык кылуучуга берилет.

---

Мурунку берене: [380-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-380)  
Кийинки берене: [382-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-382)
