Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
380-берене. Соттук териштирүүнү кайра баштоо
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 45-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Төрагалык кылуучу сот арачыларынын коллегиясынын улук аркылуу берилген өтүнмөсү боюнча тараптардын ой-пикирин угуп, төмөнкүдөй учурларда соттук териштирүүнү кайра баштоо жөнүндө маселени чечет:
1) эгерде кеңешүүчү бөлмөдө сот арачылары суроо баракчасында коюлган суроолор боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү алуу зарылдыгы жөнүндө чечимге келишсе;
2) эгерде кеңешүү учурунда сот арачыларында жазык ишинин кандайдыр бир иш жүзүндөгү жагдайлары боюнча коюлган суроолорго жооптор үчүн олуттуу мааниге ээ жана кошумча иликтөөнү талап кылган шектенүүлөр пайда болсо.
2. Төрагалык кылуучу соттук териштирүү кайра башталгандан кийин тараптардын катышуусунда коюлган суроолор боюнча түшүндүрмөлөрдү берет, ал эми зарыл болгон учурларда кырдаалга кошумча изилдөө жүргүзүлөт.
3. Кайра башталган соттук териштирүү бүткөндөн кийин төрагалык кылуучу тарабынан суроо баракчасындагы сот арачыларынын алдына коюлган суроолорго тактоолор киргизилиши мүмкүн. Тараптар суроо баракчасына кошумча суроолорду киргизүү же мурда коюлган суроолорду тактоо жөнүндө өтүнмө жасоого укуктуу.
4. Кошумча түшүндүрмөлөр жана (же) жаңыдан изилденген жагдайлар боюнча тараптардын сөздөрүн жана каяша сөздөрүн, айыпталуучунун акыркы сөзүн жана төрагалык кылуучунун кыскача багыттоочу сөзүн угуп, сот арачылары вердикт кабыл алуу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кайрадан кайтып келишет.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-380" title="380-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>