# 379-берене. Вердиктти кабыл алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-379>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-379.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 379-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-379

---

1. Сот арачылары өздөрүнүн алдына коюлган суроолорду талкуулоодо чечимди бир добуштан кабыл алууга умтулууга тийиш. Эгерде сот арачылары 3 сааттын аралыгында талкуулоодо бир чечимге келе албаса, анда чечим добуш берүү аркылуу кабыл алынат.

2. Сот арачыларынын вердикттери айыптоочу же актоочу болушу мүмкүн.

3. Сот арачыларынын алтыдан кем эмеси ушул Кодекстин 378-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн үч суроонун жок дегенде бирөөнө терс жоопко добуш берген учурда актоочу вердикт чыгарылат.

4. Сот арачыларынын алтыдан кем эмеси ушул Кодекстин 378-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн үч суроого сот арачыларынын жетиден кем эмеси оң жоопко добуш берген учурда айыптоочу вердикт чыгарылат.

5. Эгер актаган да, айыптабаган да вердикттер кабыл алынбаса, анда вердикт чыгарылбаган болуп эсептелет, ал эми коллегия таркатууга жатат.

Прокурор бир айдын ичинде сот арачыларынын жаңы курамынын алдында процессти кайра баштоо жөнүндө же болбосо жазык ишин кыскартуу жөнүндө сотко сунуштама киргизиши керек. Прокурордон процессти кайра баштоо жөнүндө сунуш түшкөн учурда, сот ушул главанын талаптарына ылайык коллегиянын жаңы курамын түзүүгө киришет.

6. Сот арачыларынын алдына коюлган суроолорго жооптордо ("Ооба, күнөөлүү", "Жок, күнөөлүү эмес" жана башка ушул сыяктуу жооптор) жооптун маңызын ачуучу же тактоочу, милдеттүү түрдө бышыктоону же четке кагууну түшүндүрүүчү сөз же сөз тизмеги болуусу тийиш. Эгерде алдыңкы суроого берилген жооп андан кийинки суроолорго жооп берүү зарылдыгын жокко чыгарган учурда, улук андан кийин "жоопсуз" деген сөздү жазат.

Айыптапуучунун күнөөлүүлүгү жөнүндө оң жооп берилгенде же анын жосуну далилденгенде, сот арачылары жооптон кайсы бир фразаны алып салууну билдирген эскертүү жасоого укуктуу.

7. Суроолорго жооптор түздөн-түз, ар бир тиешелүү суроолордон кийин, сот арачыларынын улугу тарабынан суроо баракчасына киргизилет.

8. Жооптон кийин улук суроо баракчасында добуштарды эсептөөнүн жыйынтыгын көрсөтөт. Коюлган суроолорго берилген жоопторду киргизүү менен суроо баракчасына улук тарабынан кол коюлат.

---

Мурунку берене: [378-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-378)  
Кийинки берене: [380-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-380)
