# 378-берене. Кеңешүү бөлмөсүндө кеңешме өткөрүүнүн жана добуш берүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-378>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-378.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 378-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-378

---

1. Сот арачыларынын кеңешмесине улук жетекчилик кылат, ал чечилүүгө тийиш болгон суроолорду талкууга ырааты менен коюп турат, аларга жооптор боюнча добуш берүүнү өткөрөт жана добуш берүүнүн эсебин жүргүзөт.

2. Добуш берүү ачык жүргүзүлөт. Сот арачылары добуш берүүдө калыс калууга укуксуз. Сот арачылары алар сот арачыларынын тизмесинде көрсөтүлгөн кезек боюнча добуш беришет.

3. Улук акыркы болуп добуш берет.

---

Мурунку берене: [377-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-377)  
Кийинки берене: [379-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-379)
