# 377-берене. Сот арачыларынын кеңешмесинин купуалуулугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-377>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-377.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 377-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-377

---

1. Төрагалык кылуучунун багыттоочу сөзүнөн кийин сот арачылары вердикт кабыл алуу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетишет.

2. Сот арачыларынан тышкары кеңешүү бөлмөсүндө башка адамдардын болушуна жол берилбейт.

3. Кеңешүү бөлмөсүндө байланыш каражаттарынын болушуна жана пайдаланылышына тыюу салынат.

4. Сот арачылары вердиктти талкуулоодо жана кабыл алууда айтылган пикирлерди ачыкка чыгарууга укуксуз.

5. Сот арачыларынын сот отурумунда жүргүзгөн жазып алуулары кеңешүү бөлмөсүндө сот арачыларынын алдына коюлган суроолорго жоопторду даярдоо үчүн пайдаланышы мүмкүн.

6. Түнкү убакыттын кириши, ошондой эле жумуш убактысы аяктаган соң төрагалык кылуучунун уруксаты менен сот арачылары кеңешмени эс алуу үчүн токтотууга укуктуу. Эс алуу мезгилинде сот арачыларына ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жазууларды кеңешүү бөлмөсүнөн алып чыгууга тыюу салынат.

7. Кеңешүү бөлмөсү сот приставы тарабынан анда сот арачылары турган бардык мезгилде күзөткө алынат.

---

Мурунку берене: [376-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-376)  
Кийинки берене: [378-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-378)
