# 375-берене. Сот арачылары чечүүгө тийиш болгон суроолордун мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-375>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-375.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 375-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-375

---

1. Айыпталуучу жасады деп айыпталып жаткан ар бир жосун боюнча үч негизги суроо берилет:

1) жосундун жасалгандыгы далилдендиби;

2) ошол жосунду айыпталуучу жасагандыгы далилдендиби;

3) ошол жосунду жасоого айыпталуучу күнөөлүүбү.

2. Суроо баракчасында ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негизги үч суроо бир суроого бириктирилиши мүмкүн.

3. Суроо баракчасында эгер муну менен айыпталуучунун абалы начарлабаса жана анын коргонуу укугу бузулбаса, сот арачыларынын айыпталуучунун анча оор эмес кылмыш жасоодогу күнөөсүн таанышуусуна багытталган жеке суроолорго да жол берилет. Айыптоо кызыкчылыгындагы жеке суроолорго да жол берилет.

4. Айыпталуучунун кылмыш жасагандагы күнөөсү таанылган учурда, сот арачыларынын алдына ал жазасын жеңилдетүүгө арзыйбы деген суроо коюлат.

5. Суроолордун түзүлүшү мамлекеттик айыптоочу ага айып койбогон же суроо берилген учурга карата жабырлануучунун макулдугу боюнча айыптоону колдобогон жорукту жасагандыгы боюнча айыпталуучуну күнөөлүү деп таанууга кандайдыр бир жоопто жол берүүгө тийиш эмес.

6. Бир нече айыпталуучу айыпталып жаткан жазык иши боюнча сот арачылары чечүүгө тийиш болгон суроолор ар бир соттолуучуга карата өзүнчө берилет.

7. Суроолор сот арачыларына түшүнүктүү мазмунда коюлат.

---

Мурунку берене: [374-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-374)  
Кийинки берене: [376-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-376)
